Кыргызстан жана РФ Приморье крайы соода-экономикалык жана маданий байланышын күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу КР Орусиядагы Өзгөчө кырдаал жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Примор аймагынын башкаруу кызматкерлери менен болгон жолугушууда билинди.
Жолугушууда, КР айыл-чарба өндүрүшүн жана булгаары, жүн экспорттого даяр экенин билдирди. Ал эми Приморьеден Кыргызстанга деңиз азыктары жана жыгач экспорттошу мүмкүн. Аликбек Жекшенкулов аймак жетекчисине инвестиция долбоорун тапшырды.
Приморье крайынын вице-губернатору Вера Щербин Приморья өнүктүрү долбоорун ишке ашырууда Кыргызстандан адистер менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Андан сырткары, КР жарандарынын маселелери жана Алыскы Чыгыш Федералдык университетине окууга кошумча квоталар тууралуу суроолор каралат.