Төлөм системалары аркылуу түшкөн акчанын агымы кыскарды

28.11.2022, 12:28 Акчабар
Төлөм системалары аркылуу түшкөн акчанын агымы кыскарды

Быйыл тогуз айда Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу келген акчанын таза агымы 210 миллион долларга кыскарып, 1,4 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын апталык макроэкономикалык баядамасында айтылат.  

Кыргызстандан жөнөтүлгөн каражаттардын көлөмү эки эсеге көбөйүп, 779 миллион долларды түздү. Анын ичинен Орусияга 680 миллион доллар (2021-жылдын январь-сентябрь айларында 376,2 миллион доллар), АКШга 4,4 миллион доллар (0,01 миллион доллар), Германияга 1,5 миллион доллар (0,15 миллион доллар) жөнөтүлгөн. 

Өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 8,8%га көбөйүп, 2,2 млрд долларды түздү. Акча которуу системалары аркылуу каражат эң көп Орусиядан келүүдө (дүң агымдын 97,5%). Ошондой эле, КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген түшүүлөр 2,2 эсеге өскөн. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика денежные переводы ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу