«Ак-Суу автотранспорт» ишканасынын 44,2% акциясы сатылды

05.07.2022, 13:07 Акчабар
«Ак-Суу автотранспорт» ишканасынын 44,2% акциясы сатылды

Экинчи рынокто "Ак-Суу автотранспорт ишканасы" ААКнын 156 миң 713 жөнөкөй акциясын сатуу боюнча бүтүм катталды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.

Бүтүмдүн жалпы суммасы 539 миң 93 сомду түздү. Ошентип, компаниянын 44,2% акциясы бир баалуу кагазга 3,44 сомдон сатылган.

Белгилеп кетсек, "Ак-Суу автотранспорт ишканасы" ААКсы өткөн жылды чыгаша менен аяктаган, 2022-жылдын март айында өткөн акционерлердин жалпы чогулушунда ишкананы жоюу чечими кабыл алынган. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү транспорттук кызмат көрсөтүү болуп саналат.

Тэги: акции Кыргызская фондовая биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу