Мамлекеттик бажы кызматы маалымдагандай, 2019-жылдын 31-декабрь күнү үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт.
Буга байланыштуу, автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо үчүн, 2019-жылдын 20-декабрынан 31-декабрына чейин автотранспорт каражаттарын тариздөө жайларынын иш убакытылары дем алышсыз жана саат 24:00гө чейин узартылды.
Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот:
- «Түндүк» Темир жол бажысы, «Автомобилдик» БТЖ- дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а.
- Түндүк-Чыгыш бажысы, «Автомобилдик» БТЖ- дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, «РИОМ Авто» унаа базары.