JICAнын салыкчыларды окутуу долбоору толугу менен Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилди

14.05.2021, 13:00 Акчабар
JICAнын салыкчыларды окутуу долбоору толугу менен Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилди

2020-жылдын аягында “Мамлекеттик салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү тутумун өркүндөтүү” долбоорунун алкагында үч жылдык кыргыз-жапон долбоору аяктады. Ага ылайык, квалификацияны жогорулатуу боюнча бардык ыйгарым укуктар мекемеге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу  Салык кызматынын башчысы Илияз Иманбетов менен Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Немото Наоюки менен жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар биргелешкен долбоордун жыйынтыгын талкуулашты. Иманбетов белгилегендей, долбоордун катышуучулары алган көндүмдөр салык кызматкерлерин дагы, салык төлөөчүлөрдү дагы аралыктан ийгиликтүү окутууга мүмкүнчүлүк берет.

Немото Наоюки дагы долбоордун натыйжаларын жогору баалап, аны JICAнын мыкты долбоорлорунун бири деп атаганы маалым болду. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу