Климаттык туруктуулук боюнча долбоорлор 10 миң долларга чейин алышат

04.08.2022, 09:14 Акчабар
Климаттык туруктуулук боюнча долбоорлор 10 миң долларга чейин алышат

Ага Хан Фонду жана USAID тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү трансформация” долбоору Кыргызстандагы климатка туруктуулук боюнча мыкты долбоорлорго сынак жарыялайт.

Сынактын максаты Кыргызстанда климаттын туруктуулугун төмөнкүдөй жол менен түзүү болуп саналат:

  • Табигый жана финансылык ресурстарды эң аз сарптоо менен сугат суусунун тартыштыгы бар жерлерде ирригациялык системаны өркүндөтүү.
  • Топурак астындагы экосистемага зыян келтирбестен же жок кылбастан жерди айдоо үчүн инновациялык инструменттерди жана ыкмаларды сунуштоо.
  • Импорттук химиялык материалдарды органикалык жер семирткичтерге жана табигый пестициддерге алмаштыруу.

“Негизги критерийлерге жооп берген эң мыкты долбоорлор жана идеялар тандалып алынат жана аларды эки жумалык программанын жүрүшүндө сынап көрүү жана көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми финалга тандалып алынса, долбоордун пилоттук версиясын же долбоордун өзүн ишке ашыруу үчүн 10 миң долларга чейин инвестиция алышат”, - дейт сынактын уюштуруучулары.

Долбоорлор Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарында гана ишке ашырылышы керек деген шарт бар.

Сынакка катышуу үчүн эмгектер 10-августтан кечиктирбестен тапшырылат.

Тэги: климат Кыргызстан финансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу