АКШ Казакстанга эт өндүрүүчү үч завод салат

16.12.2019, 16:15 Акчабар
АКШ Казакстанга эт өндүрүүчү үч завод салат

АКШдагы ири эт өндүрүүчү Tyson Foods компаниясы Казакстандагы үч эт өндүрүүчү заводго 5 млрд $ инвестиция жумшайт. Бул тууралуу Kapital.kz басылмасы билдирет.

«Казакстандагы Tyson Foods иш планы – үч заводту кезек менен куруу. Уй этин иштетүүчү - эки завод, канаттуулардын этин иштетүүчү – бир завод курулат. Үч завод кезеги менен курулат», –  деп айтты Казакстандын айыл чарба министрлиги Сапархан Омаров. 

Заводтун курулуш иштери 2020-жылы башталып, инвестор тарабынан  1.25 млрд $ каражат которулат.

Маалыматка ылайык, Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин АКШга болгон иш сапарында Tyson Foods компаниясы менен ззаманбап индустрияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Тэги: крупнейший производитель мяса инвестиции заводы Казахстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу