Прокуратура мамлекеттик 9 миллион сомдук жерди кайтарып алды

01.12.2020, 13:50 Акчабар
Прокуратура мамлекеттик 9 миллион сомдук жерди кайтарып алды

Свердлов районунун прокуратурасы Бишкек шаардык муниципалитетине 8,8 миллион сомдук жер тилкелерин кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы сот органдарына "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин аракеттерин мыйзамсыз деп табуу боюнча доо арыздарын келтирди.

Жарандарга жер тилкелерине менчик укугун каттоо Свердлов райондук администрациясынын токтомунан алынган жасалма көчүрмөлөрдүн негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган жеке турак-жай департаментинин жооптуу кызматкерлери тарабынан даярдалган.

Талаптарды кароонун жыйынтыгында муниципалитет жалпы аянты 0,2 га базар баасы 8 млн 850 миң сомдук жер тилкелерин кайтарып бергендиги белгилүү болду.

Тэги: земли генеральная прокуратура миллионы экономика Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу