Мэрия коомдук транспортту көбөйтүү үчүн ЕРӨБдөн 33 млн евро карыз алууну көздөөдө

07.10.2021, 15:00 Акчабар
Мэрия коомдук транспортту көбөйтүү үчүн ЕРӨБдөн 33 млн евро карыз алууну көздөөдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттер менен болгон жолугушууда газ менен иштеген коомдук транспортту сатып алуу үчүн ЕРӨБ менен 33 миллион еврого сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Анын айтымында, мындай муктаждык шаардагы коомдук транспорттордун санынын азайышынан улам пайда болгон.

"2017-жылы Бишкекте күн сайын 4 миң 136 кичи автобус менен эл ташылса, азыр алардын саны болгону 1990. 94 автобус бар болчу. 2019-жылы алардын саны 137 болгон. Бүгүнкү күндө линияга 87 гана автобус чыгат. Троллейбустар жакшы иштеп жатышат. Мэрия эски троллейбустардын бир бөлүгүн оңдоого жетишти, бүгүн 130 троллейбус күн сайын борбордун көчөлөрү менен жүрөт", - деди мэр.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин ЕРӨБдөн насыя алуу министрлер кабинетинде макулдашылган. Ал эми жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин ратификациясына сунушталат.

"Биз газ менен иштеген 250дөн 300гө чейин автобус сатып алууну пландап жатабыз. Биз ошондой эле АӨБ аркылуу 50 миллион долларлык долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Алар электр автобустары үчүн керектүү материалдык-техникалык базаны сатып алып, түзүшү керек. Бирок электр автобустардын саны аз болот, анткени алар кымбат", - деди мэр өз пландары менен бөлүшүп жатып.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу