Кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан өткөрүү пункттары салык кызматынын башкаруусуна өткөрүлөт

12.11.2021, 11:07 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан өткөрүү пункттары салык кызматынын башкаруусуна өткөрүлөт

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жайгашкан өткөрүү пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт. Бул туурасында Минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын карамагына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан өткөрмө пунктарындагы салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык контролду өткөрүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин астында ушул жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджетти – 280 млрд сомго, 2022-жылдын соңуна дейре 400 млрд сомго чейин жогорулатуу милдети коюлган.

"Жыйынды пост" системасы 10 айдан бери иш жүргүзүүдө, ал ички чектердеги товарлардын жана транспорттук каражаттардын эсебин алуу процессин тездетти, кызыкдар мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну камсыздап, анын сапатын жогорулатты. Ошол эле учурда "Жыйынды пост" сиситемасы бир катар көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарды", - деди ал.

Анын айтымында, импорттоочулар республикага салык төлөөдөн качуу максатында төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен товарларды ташып кирүүнү улантууда. Иш жүзүндөгү факты менен дал келбеген коштомо кагаздары таризделүүдө (иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр эсеп-фактурадагы маалыматтар менен дал келбестиги ж.б.).

"Мисалга, ак ниетсиз ишкерлер өлкөгө алып келинип жаткан жыгачтын 1 метр кубун 1500 сомдон тариздөөдө. Чындыгында анын рыноктук наркы 22 миң сомдон башталат. Күн карама майынын 1 литрин 4 сомдон тариздешсе, анын чекене баасы 155 сомдон башталат. Мындай аракеттерден улам бюджетке залакасы тийип, ак ниет ишкерлер жабыркоодо", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

 

Тэги: Арзыбек Кожошев ГНС КР пункты пропуска

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу