Путин: КР менен Россия алгачкы ирет ири долбоорду ишке ашырып жатат

28.02.2020, 09:20 Акчабар
Путин: КР менен Россия алгачкы ирет ири долбоорду ишке ашырып жатат

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземинде эки өлкө биргеликте алгачкы ири долбоорду ишке ашырып жаткандыгын билдирди.

«Россия менен Кыргызстандын Эриш-аркак жылы чындыгында эле биздин өлкөлөр үчүн ири иш-чара болуп саналат. Россия менен Кыргызстанды өз нугу менен баардык багытта өнүгүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле байланыштырып турат. Биз байма-бай президент Жээнбеков менен жолугуп турабыз, бүгүнкү сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жана конструктивдүү планда өттү», - деди Путин.

Россия Кыргызстанга энергоресурстарды жеткирүүчүлөрдүн негизгиси болуп саналат, - деп билдирди Путин.

«Биздин окуу жайларда Кыргызстандын экономикасы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдап чыгаруу уланууда. Россия мындан ары да Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөйт. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Россиянын Эриш-алкак жылын мыкты деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз. Биздин өлкөлөр алгачкы ирет мындай өңүттөгү ири долбоорду ишке ашырып жатат», - деп баса белгилеп өттү Россиянын президенти.

Тэги: Россия ири долбоор КР менен РФнын кайчылаш жылы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу