Орусиянын 5 миллиардери 2019-жылы 27 млрд $ киреше табышкан

27.12.2019, 09:50 Акчабар
Орусиянын 5 миллиардери 2019-жылы 27 млрд $ киреше табышкан

Орусиянын 5 миллиардеринин жылдык кирешесинин көлөмү 27 млрд $ түзгөн. Бул тууралуу Forbes жазып чыкты. 

Топ-5 миллиардердин ичинен Владимир Потанин(«Норникел» ишканасынын жетекчиси),  жалпы кирешенин 30% ,  7.8 млрд $ иштеп тапкан. Экинчи орунда Леонид Михельсон турат. Ал «Новатэка» жана «Сибура» компаниялардын акционери болуп эсептелинет. Бир жылдык киршеси - 6 млрд $ түзүп, байлыгы - 27 млрд $ бааланып, эң бай орусиялыктардын катарын толуктады. 

«Лукойл» мунай компаниясынын негиздөөчүсү Вагит Алекперов 5.3 млрд $ киреше таап, каражатынын санын - 23.8 млрд $ жогорулатты. Геннадий Тимченко  4.1 млрд $ тапкан. Ал «Новатэк»  компаниясынын 23,49% , «Сибур» компаниясынын 17%  жана «Стройтранснефтегаз», «Стройтрансгаз», «Трансойл» компанияларында кошумча үлүшү бар. 

Ал эми бешинчи катарды Алексей Мордашов, «Северстали» компаниясынын жетекчиси, 3.8 млрд $ кирешеси менен ээледи. 

Тэги: Россия российские миллиардеры Forbes

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу