Биринчи май райондук сотунда экс-бажычы Райымбек Матраимов күнөлүү деп табылып, 260 миң сом айып салынды.
Буга чейин келтирилген чыгымдар үчүн Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.
Мындан тышкары, Матраимовго тиешелүү мүлктөр камактан чыгарылып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Соттун кызматкерлери апелляциялык арыз менен кайрылабы же жокпу, азырынча маалымат жок.