Рублдин Bloomberg боюнча эсептелиши КРдагы орус валютасынын күчсүздөнүшүнө алып келет

14.03.2022, 12:54 Акчабар
Рублдин Bloomberg боюнча эсептелиши КРдагы орус валютасынын күчсүздөнүшүнө алып келет

Кыргызстандын Улуттук банкы рублинин сомго карата курсун Bloomberg жана “Рейтер” агенттиктеринин ар күн сайынкы маалыматтарынын негизинде аныктайт. Жаңы эреже 11-мартта Улуттук банктын башкармалыгынын токтому менен убактылуу киргизилди.

Мындай чечим ички валюта рыногунда чет элдик валютага карата спекулянттык операциялардын болуп кетпеши үчүн атайын чыгарылды.

БУЛ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?

Муну менен рублинин сомго карата курсу рынокко жакыныраак болот. Эгерде буга чейин КРнын Улуттук банкы рублинин сомго карата курсун Орусиянын Борбордук банкына карап, АКШ долларынын рублиге карата кросс курсу боюнча аныктаса, мындан ары “Блумберг” жана “Рейтер” маалымат агенттиктеринде көрсөтүлгөн доллардын рублиге карата минималдуу жана максималдуу курсунун негизинде кросс-курс боюнча эсептелеп.

Бүгүнкү күндө жаралып жаткан кырдаал рублинин сомго карата дагы төмөндөшүн шарттайт.

Эмнеге дегенде, бүгүнкү күндө Орусиянын Борбордук банкынын кросс-курсу рыноктук баадан төмөн. Мисалга алсак, 14-мартка карата берилген маалыматтар боюнча “Банк Орусияда” доллардын рублиге карата кросс-курсу 116.7517, “Блумберг” менен “Рейтер” таянып жаткан Форекс боюнча – 132.98 рубли болууда.

Алсак, эгер 2 рубли/сомду үчүнчү бир валюта аркылуу, биздин мисалда АКШ доллары менен эсептей турган болсок, учурда 1 рублинин баасы 0.7894 сомду түзүүдө. Бул бүгүнкү күн менен алганда 0.8721 сом кылып КР борбордук банкы эсептеп жаткан расмий курска салыштырмарлуу 9.48 пайызга төмөн дегенди билдирет.

Тэги: рубль сом кросс-курс Кыргызстан курс валют

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу