2019-жылы бюджеттик мекемелердин эмгек акысына 2.6 млрд сом жумшалды

02.04.2019, 09:00 Акчабар
2019-жылы бюджеттик мекемелердин эмгек акысына 2.6 млрд сом жумшалды

Март айында бюджеттик ведомстволордун классификациясы  10 млрд 978.8 млн сом болду.Бул тууралуу  Кыргызстандын финансы министрлиги билдирди. 

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 26 млрд 849 млн 576,6 миң сом суммасында ишке ашырылды.

Анын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына – 6 млрд 459 млн 931,8 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 2 млрд 340 млн 428,6 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 7 млн 562,8 миң сом бөлүндү. Андан тышкары, товарларды жана кызматтарды пайдаланууга – 948 млн 496,3 миң сом, товарларды жана кызматтарды сатып алууга – 85 млн 560,3 миң сом, коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөгө – 274 млн 455 миң сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 6 млрд 126 млн 357,4 миң сом жумшалды.

Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Тэги: бюджет Минфин Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу