Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айына республикалык бюджеттин акчалай чыгымдары 10 миллиард 429,2 миллион сомду түздү.
Бул каражаттардын ичинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына кеткен чыгымдар 3 миллиард 534,3 миллион сом болгон, ошондой эле:
- калкка социалдык жардам үчүн жөлөкпулдарды төлөө - 818,2 млн сом;
- социалдык камсыздандыруу жөлөк пулу - 57,7 млн сом;
- социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөр - 476 миллион 706 миң сом;
- товарларды жана кызматтарды пайдалануу - 583 млн 724,8 миң сом;
- коммуналдык кызматтар - 64 миллион 746,3 миң сом;
- мамлекеттик ишканаларга дотация - 58 млн 943,1 миң сом;
- негизги каражаттар - 196 миллион 290,3 миң сом;
- товарларды жана кызматтарды сатып алуу - 46 млн 484,9 миң сом;
- башка чыгымдар - 18 млн 523,2 миң сом;
- камдар - 55 млн 407,5 миң сом.
Мындан тышкары, 3 миллиард 387 миллион 200 миң сом мамлекеттик башкаруу секторунун башка бөлүмдөрүнө гранттар үчүн бөлүнгөн.
Тэги: расходы бюджет Минфин КР Кыргызстан