2019 жылдын август айында жалпы чыгымдарга бюджеттен 10 млрд 892 млн сом коротулган. Анын ичинен бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлердин эмгек акысына 1.8 млдр сом, жөлөк пул үчүн - 832.6 млн сом, социалдык коопсуздукка 4 млн. сом бөлүнгөн. Бул маалыматты КР Финансы министрлиги билдирет.
Мамлекеттик башкарууга бөлүнгөн гранттардын жалпы суммасы – 2.8 млрд сомду түзөт.Тышкы карыздарды тейлөөгө 1.5 м лрд. сом каралса, анын ичинен сырткы карызга – 958 млн сом, ички карызга – 591 млн. сом коротулган.
Мамлекеттик ишканаларга жардам үчүн 369 млн сом бюджеттен бөлунүп берилген.