Жогорку Кеңештин 2020-жылдагы чыгашасы 466.8 млн сомду түзөт

11.11.2020, 13:00 Акчабар
Жогорку Кеңештин 2020-жылдагы чыгашасы 466.8 млн сомду түзөт

Жогорку Кеңештин 2020-жылдагы январь-октябрь айларындагы чыгашасы 466.8 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 324.1  млн сому эмгек акынын көлөмүн түзгөн. Бул тууралуу «Ачык бюджет» порталында маалымдалат. 

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгил убагында Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин айлык акысынын башкы көлөмү 131.4 млн сомду түзгөн, кошумча төлөмдөр жана компенсациялар – 137.5 млн сом, премия катары – 52.6 млн сом төлөнүп берилген. Келишим аркылуу иштеген кызматкерлерге - 2.6 млн сом бөлүнгөн. Социалдык фондко 47.7 млн сом төлөнгөн. 

Парламенттин бул жылдагы чыгашасы 41 млн сомду түздү. Иш сапарларга 5 млн сом жумшалган. 

Белгилей кетүүчү нерсе, бюджеттин ичинен парламенттин чыгашасына 707 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен 466.8 млн сом коротулду. 

 

 

 

Тэги: Жогорку Кенеш бюджет расходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу