Жогорку Кеңеш август айында бюджетти эки эсе көп чыгымдады

12.09.2022, 09:00 Акчабар
Жогорку Кеңеш август айында бюджетти эки эсе көп чыгымдады

Август айында Жогорку Кеңешти күтүүгө бюджеттин чыгашасы 115 миллион 265,3 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.

Анын ичинен 95 млн 495,4 миң сом, же жалпы сумманын 82,8% эмгек акы төлөөгө кеткен. Ошондой эле чыгашалардын ири статьялары социалдык фондго чегерүү – 15 млн 129,9 миң сом жана товарларды сатып алуу жана кызмат көрсөтүү – 4 млн 231,6 миң сом болду.

Кошумчалай кетсек, алгач кассалык план боюнча Жогорку Кеңештин жалпы чыгашалары 49 миллион 663,2 миң сом деңгээлинде пландаштырылган. Кийинчерээк план 59 миллион 111,5 миң сомго көбөйтүлгөн. Ошентип, өсүштү эске алганда да парламенттин реалдуу чыгашалары август айында пландан дээрлик эки эсеге (1,9 эсеге) ашты.

Тэги: Жогорку Кенеш расходы кассовый план деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу