Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара жана аймактык соода байланыштарын кеңейтүү жана колдоо

01.08.2022, 17:42 Акчабар
Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара жана аймактык соода байланыштарын кеңейтүү жана колдоо

5 - август, 2022-жыл-АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча USAIDдин «Агросоода» долбоору долбоордук ишмердүүлүгүнүн алкагында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынан импортерлордун жана Кыргыз Республикасынан экспортерлордун катышуусу менен бизнес-форум өткөрөт.

«Ишкер» бизнес-клубунун техникалык колдоосу менен Бизнес-форум өтөт, ал өзүнө: фермерлердин (Кыргызстандын экспортерлорунун фирмаларынын) Кыргыз Республикасындагы айыл чарба продукциялары жөнүндө презентацияларын, продукциялардын көргөзмөсүн жана улуттук суусундуктарды чыгарууга чыгуусун камтыйт.

Иш-чара Ош шаарындагы «Экстрев» мейманканасында өтөт. Расмий ачылыш саат 09:00дө башталып, күнү бою саат 18:00гө чейин созулат. Иш-чарага катышуучулардын жалпы саны 30-40 адам кирет.

Өз продукциясын төмөнкү экспорттоочу компаниялар тааныштырышат:
- «Догал Агрохимикаты и Пестициды ЖЧК»;
- «АгроЛогистик Групп» ЖЧК;
- Каржылык фонд "Бай Тушум Инновация";
- «Алайку Органикс» ЖЧК;
- «Экопродукт Азия» ЖЧК;
- «Группа ВС» ЖЧК;
- «Алимов» ЖИ;
- «Бектемир Мамыров» ЖИ;
- «Агралис KG» ЖЧК;

Бул платформа Өзбекстан Республикасынын рынокторуна Айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн Кыргыз Республикасынын фермер, экспорттоочу фирмаларынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн ачып берет деп күтүлүүдө.

Бизнес-форумдун максаты Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасынын рынокторуна Айыл чарба продукциясын экспорттоо чөйрөсүндөгү соода-базар мамилелерин компаниялардын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарды жана жеткирүү контракттарын түзүү жолу менен бекемдөө жана кеңейтүү болуп саналат.

Буга чейин USAIDдин “Агросоода” долбоору долбоорунун алкагында Өзбекстан Республикасына айыл чарба продукциясын экспорттоого даяр Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарынан келген фермерлердин маалымат базасы түзүлгөн. ЭКСПО-2022 биринчи онлайн көргөзмөсү болуп, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берди жана тараптардын ортосунда жаңы бүтүмдөр жана келишимдер үчүн шарттарды түздү. Өлкөнүн түштүгүндө өткөрүлгөн биринчи B2B-жолугушуулардын натыйжасында экспорттун биринчи келишимдери $ 2 млн ашык болгон.

Кыргыз Республикасындагы USAIDдин “Агросоода” долбоору Кыргыз айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан Республикасы менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолу менен Кыргыз Республикасында жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Жакинай Жайчибекова менен төмөнкү дарек боюнча байланышыңыз: project@ishker.space же +996550000623. «Агросоода» долбоорунун иш-аракеттерин социалдык медиа баракчаларынан көрүңүз: Facebook, Instagram, YouTube.

Тэги: бизнес-форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу