Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 млн доллар берет

22.07.2020, 09:20 Акчабар
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 млн доллар берет

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын «Регионалдык экономикалык өнүгүү» долбоору боюнча Ош облусунда жана Ош шаарында ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 60 млн доллар каражаты бериле турган мыйзамга кол койду.

Аталган каражаттын ичинен 30 млн доллары – грант, ал эми 30 млн доллары – насыя түрүндө. Төлөм жүргүзүү мөөнөттөрү- ар бир жылдын 15 апрели жана 15 октябры, төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 15 апрелинде башталып, 2057 жылдын 15 октябрында аяктайт. Насыялыык үстөк түрүндөө төлөнүүгө тийиш насыянын негизги суммасы – 1.5625 пайыз.

Белгиленгендей, долбоор жеке секторду өнүктүрүүгө басым жасоо менен регионалдык экономикалык өнүгүүнү камсыздоого жана регионалдык өнүктүрүүнүн борборлору боло турган шаардык борборлордун потенциалын түзүүгө багытталат.

«Аталган макулдашуу Ош облусунун жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү элемент болуп саналат, ал жумушчу орундарын түзүүгө, жакырчылыкты жоюууга өбөлгө түзүп, айыл-чарба жана туризм продукциясынын баасынын кошумча чынжырчаларын жаратууга мүмкүнчүлүк берет»,-деп айтылат маалыматта.  

Тэги: финансирование Всемирный банк ратификация Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу