КР менен ЭӨА ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

22.04.2020, 09:00 Акчабар
КР менен ЭӨА ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Аталган Макулдашуунун максаты болуп баштапкы долбоордун алкагында каржыланган суу секторундагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу саналат, ошондой эле:

— суу ресурстарын башкаруу боюнча кайрадан түзүлгөн түзүмдөрдү бекемдөө;

— чарбалар аралык жана ички чарбалык системалардын магистралдык каналдарын иштетүүнү жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыздоо.

Макулдашуунун шарттары боюнча өкмөт 4,490 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү грант берилет.

Белгилеп кетүүчү нерсе, улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо Кыргызстандын 2003-жылдын 15-июлундагы № 131 Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаарында 2002-жылдын 23-октябрында кол коюлган Кыргыз Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык жана каржылык кызматташтык жана гуманитардык жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылат.

Тэги: коронавирус МАР финансирование грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу