COVID:19: Ким качан жумушка чыгат? Өкмөт жооп берет

29.04.2020, 08:59 Акчабар
COVID:19: Ким качан жумушка чыгат? Өкмөт жооп берет

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги (2020-жылдын 1-майынан тарта):

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

- энергетикалык өнөр жай;

- химиялык жана мунай газ өнөр жайы;

- машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;

- тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;

- текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;

- эмерек өнөр жайы;

- курулуш материалдарды өндүрүү

- жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү:

- курулуш обьектилери;

- сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;

- кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

- техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо;

- дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;

- жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

- интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;

- курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

- кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо

- автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда)

2020-жылдын 11-майынан тарта өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

- микрофинансылык уюмдар;

- камсыздандыруу компаниялары;

- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

- туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары:

- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;

- химтазалоо жана клининг.

3. Соода чөйрөсү:

- курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

- автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

- тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

- автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

- коомдук транспорт, атап айтканда автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

2020-жылдын 21-майынан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар).

Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү:

- акча алмашуу пункттары;

- ломбарддар.

2. Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору:

- бут кийим оӊдоо;

- эмерек чогултуу жана оӊдоо.

3. Соода-сатык чөйрөсү:

- соода борборлору;

- кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр;

- автомобиль базарлары;

- коштоочу кызматтар.

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Өкмөт башчы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоонун маанилүүлүгүн өзгөчө баса көрсөтүп, аныкталган бузуулар үчүн ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери өздөрү жоопкерчиликти алышарын белгиледи.

 

Тэги: экономическая деятельность экономика Мухаммедкалый Абылгазиев ЧП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу