2020-жылы республиканын бюджеттик кирешеси 163  млрд сомду түзүшү мүмкүн

09.01.2020, 17:30 Акчабар
2020-жылы республиканын бюджеттик кирешеси 163  млрд сомду түзүшү мүмкүн

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, КР финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды.

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 млн сомго көп болгон.

Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 млн сомго өскөн.

2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4 059,3 млн сомго көбөйгөн.

Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163  млрд сом деп пландалып жатканын билдирди.


 

Тэги: республикалык киреше млрд Жээнбаева каржы министрлик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу