Кыргызстанда транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды

05.09.2019, 10:27 Акчабар
Кыргызстанда транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды

Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады.

Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 автоунаа токтотулган, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталган. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты жеринен төлөшсө, 31не салык төлөгөндүгү тууралуу атайын чаптама берилди.

Салык кызматы рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгана байланыштуу, транспорт каражаттарынын ээлеринен авто унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.

Мындан тышкары, транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз түрдө берилип жатат. Атайын чаптамаларды автоунаанын маңдайына чаптап коюу менен айдоочулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ашыкча токтотуусунан арылат.

2-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабастан, учурда транспорт салыгын жыйноо уланууда.

Бирок, буга чейин Салык кызматы бир нече жолу эскерткендей, мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт.

Белгилей кетсек, бул рейд бир гана салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүп жатат.

Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы зарылдыгына жараша чагылдырылып турмакчы.

Тэги: налоги ГНС КР налог на транспорт финансы бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу