Депутаттар Бишкектеги өзгөчө абал режимин алуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында маалым болду.
Чечим 76 депутаттын макулдугу менен кабыл алынган.
Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 12-октябрда Бишкек шаарынын аймагына кайрадан ӨА режимин киргизген.