Орусия Кыргызстандагы мамлекеттик резиденциянын жыйындар залын курууга 44,5 млн сомго грант берет

26.07.2021, 14:00 Акчабар
Орусия Кыргызстандагы мамлекеттик резиденциянын жыйындар залын курууга 44,5 млн сомго грант берет

Орусия Кыргызстанга Чолпон-Ата шаарындагы № 2 мамлекеттик резиденциянын жыйындар залын курууга жана телекоммуникациялык жабдуулар менен видеобайкоо жабдууларын сатып алууга 44,5 миллион сомдук грант бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки айдан бери жыйындар залы курулуп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 112 миллион сомду түзөт.

Маалым болгондой, бөлмө 300 кишиге ылайыкталган жана Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холл сыяктуу болот. 

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү келишимди ратификациялоону жактырышты.

 

Тэги: грант Россия Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу