2021-жылдын январь-май айларында ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 25,8 миллиард долларды түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 0,5% га өстү. Өсүш Казакстанда, Кыргызстанда жана Орусияда байкалган. Мындай маалыматтарды ЕЭК билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын январь-май айларында айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 660,1 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2% га көбөйгөн. Өз кезегинде, Казакстанда көлөм 3,1% га, Орусияда 0,2% га жогорулаган.