Казахстанда ипотекалык бум: турак жай сатып алууга 1.3 трлн теңге бөлүндү

09.04.2019, 10:00 Акчабар
Казахстанда ипотекалык бум: турак жай сатып алууга 1.3 трлн теңге бөлүндү

Мамлекеттик турак жай программасы ипотекалык рынокту жанданты. 2019-жылдын февралына  карата берилген ипотекалык насыялардын жалпы суммасы 1.3 трлн теңгеге жеткен. Өсүү  бир жылдын ичинде дароо эле 22.5% жеткендигин finprom.kz​ жазып чыкты.

2005-жылдын февралынан тарта ушул жылдын февралына чейинки аралыкта ипотекалык насыянын жалпы көлөмү 115.3 млрд дан 1.3 трлн теңгеге жеткен. Учурдагы насыя  берүү  Казахстандын кредиттик тарыхында эң көп көлөмдө болгондугу айтылууда. 

«Дүйнөлүк экономикадагы  2007-2008 -жылдардагы кризис да республиканын  экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Анын үстүнө 2010-жылы февралда ипотекага болгон суроо талап кескин түшүп,  жылына  5.6%  кыскарган. Анын суммасы  683.3 млрд теңгеге теңелген. Ошол малда ипотекалык насыялар  жалпы насыянын көлөмүндө 8.9% түзгөн.  2016-жылга чейин ипотекалык насыялоо төмөн түшүп келип, 7.2% түзгөн. 2018-жылы ипотекалык рынок жанданып,  1 трлн теңге чейинки чектен аша алды. Ал эми рыноктогу жалпы көлөмү  8.7% жогорулаган. Ипотеканын кризистен кийинки өсүү темпи жылына орто эсеп менен  6.8% түздү»— деп билдирет басылма. 

Учурда ипотекалык насыянын көлөмү 10.7% болуп, ал рекорддук көрсөткүчкө жетип, кризиске чейин дагы мындай жагымдуу жагдай болбогонун айтышууда. Ипотекалык насыянын керектөөчү  кредиттер дагы  басып өтүүдө.  Алсак, жыл ичинде анын өсүү темпи  (+13.5% ) же дагы мислага алсак  чакан бизнести насыялоо  жылына (−20.3%) жогорулаган. 

Ипотекалык бумдун жаралышына ипотекалык турак жай мамлекеттик программасынын ишке ашышы себеп болду. Мамлекеттик программада  «7-20-25» жылдык насыя алуу  сунушталып, аны кардар өзүнө ыңгайлуусун тандап алат. 

«Ипотекалык насыяда  негизги карыздар улуттук валютада алынууда. 2005-жылы ипотекалык насыялоо улуттук валютада   10.6% (12.2 млрд теңге) болсо,  2019-жылдагы февралдагы анын көлөмү  96.9% (1.3 трлн теңге) жетти. Мындай өсүүгө мамлекеттик программанын бир гана улуттук валютада берилип, эч кандай чет элдик валютага байланбагандыгы себеп болду» —деп билдирет finprom.kz  басылмасы. 

Алынган кредиттерди аймактарга бөлгөндө Алма-Ата шаары лидерлик позицияда. Бул шаарда 345 млрд теңге (же жылына +15.3%), Нур-Султанда 344.1 млрд теңге (+30.8%)  жана Чыгыш Казахстандын областарында  76.5 млрд теңге (+16.7%) ипотекалык насыялоого жумшалган. Жогоруда тизмектелген аймактарда насыялоонун  жалпы көлөмүнүн 57.2% (765.6 млрд теңге) берилген. Алма-Ата областында бир аз өсүү бар. Анда  жылына 47.8% ипотека берилип, карыздын көлөмү 25.8 млрд теңгеге жеткен.

Казахстандын  Улуттук банкынын маалыматына таянсак, анда ипотекалык  насыялоонун көлөмү 9.25% түздү. 2018-жылы  жыл ичинде  пайыздык ченди үч жолу  төмөндөткөнү  экинчи деңгээлдеги банктардын насыя берүүсүнө  жагымдуу шарт түзгөн. Бул кредиттик рынокко дагы оң таасир эткен. 2019-жылы экинчи деңгээлдеги банктардагы ипотека боюнча орточо теңделген чен  8.2% түзүп, ал былтыр— 10.2% болду.

«Ипотекалык рыноктун жалпы мүмкүнчүлүгүн бир гана жеткиликтүү  турак жай мамлекеттик  программасы гана толук ача алат. Учурда 4-апрелге карата «7-20-25»  мамлекеттик программанын алкагында  6.5 миң арызга макулдук берилип, анын жалпы суммасы  77.5 млрд теңге барабар» — деп белгиледи басылма. 

Эгерде ипотекалык насыялоодогу ушул темп сакталса, анда жыл аячгына чейин  1.6 трлн теңге жетет деген болжол берилүүдө.

Тэги: ипотека Казахстан госпрограммы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу