Казахстан өндүрүш секторун насялайт

05.03.2019, 16:30 Акчабар
Казахстан өндүрүш секторун насялайт

Кайра иштетүүчү өнөр жайына 400 миллиард теңге  насыя берилет. Бул тууралуу ишкерлер үчүн малыматта  Kapital.kz   Казахстандын индустрия министри  Роман Склярга таянып жазып чыгышты.

Бул каражаттар  кайра иштетүү тармагы менен кызмат көрсөтүүгө  жумшалат. Эгерде долбоор ишке кирсе, 250 өнөр жай товарлары өндүрүлүп, өлкө  ичиндеги импорттун көлөмү 59% дан  37% чейин төмөндөтүү каралууда.

«Жөнөкөй буюмдардын экономикасы»  долбоорунун алкагында бизнести өнүктүрүү программасы  2025-жылга чейин  өлкөдө 16 миң жумушчу орундарын түзүүгө  багытталган. Өндүрүш жанданса, анда бюджетке дагы салыктардын салымы  1.1 трлн теңгеге жогорулай баштайт. Ошентип, эксперттердин эсеби боюнча  2025-жылга карата экономиканын салымы  2.4% жетиши болжонууда.

Каражаттын ишкерлерге даректүү жетиши үчүн  бир нече сунуштар иштелип чыккан: субсиддик  каржылоо аркылуу насыяларды кепилдиги менен кайтаруу механизмдери;  «Бизнестин жол картасы — 2020» чейинки мамлекеттик программасы долбоорлор боюнча 20% дан  50%  чейин жогорулап, кайра иштетүү тармагынан 1.8 млрд теңге киреше алуу болжонууда. Ушул эле учурда бизнестин өздүк катышы долбоордун жалпы баасынан 50%  түзөт.  Мындан тышкары, товар жүгүртүү үчүн  алынган карыздын көлөмүнө жараша анын жалпы капиталынан  50% финансалык колдоо жасалышы каралууда.

Тэги: Казахстан инвестиции промышленность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу