2018-жылы Казахстан ЕАЭБ кирген мамлекеттер менен товар айлантууда $19.1 млрд киреше табып, ал 2017-жылга салыштырганда10.1% жогорулаган. бул маалыматы finprom.kz тастыктады.
Товар айлантууда импорт 69.2%, анын суммасы $13.2 млрд, экспорт жана Шериктеш мамлекеттерде көрсөтүлгөн кызматтар — 30.8% же акчага айлантканда $5.9 млрд болгон.
2019-жылы январда Казахстан менен ЕАЭБ ортосундагы товар айлантуусу $1.4 млрд түздү.
«Казахстан менен биримдикке кирген мамлекеттердин ортосунда товар айлантуунун динамикасынын өсүшүү аймактык өнөктөштөрдүн инвестициялык активдүүлүгүно байланыштуу. Өткөн жылдын тогуз айында ЕАЭБ тарабынан улуттук экономикага чет элдик инвестиция $1.2 млрд жасалып, ал буга чейинки мезгил аралыгына караганда 30.9% көп»— деп жазат басылма.