Казакстан Жамбыл облусу аркылуу транзиттик каттамды жандандырды

21.04.2021, 16:15 Акчабар
Казакстан Жамбыл облусу аркылуу транзиттик каттамды жандандырды

Казакстандын өкмөтү Бишкек шаарынан Талас облусуна жана андан ары Жамбыл облусу аркылуу жүргүнчү ташуучу унаалардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүүгө уруксат берди, деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Буга чейин эпидемиологиялык абалдын туруксуздугуна байланыштуу транзит менен жүрүүгө тыюу салынган. Мындан тышкары, кыш мезгилинде аба ырайынын жагымсыз шарттары Бишкек жана Таластын ортосундагы транспорттук байланыштарды минималдаштырууга таасирин тийгизип, оорулууларды, кары-картаңдарды жана балдарды муктаждык учурунда ташууга тоскоолдук кылды.

Транзиттик ташууну калыбына келтирүү чечими эки мамлекеттин башчыларынын 2-мартта Садыр Жапаровдун Нур-Султанга болгон мамлекеттик иш сапарындагы сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы болгондугу белгиленди.

Тэги: кономика транзит Казахстан Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу