КОӨФ бизнеске европалык жабдууларды сатып алууга жардам берүүгө даяр

23.09.2021, 15:00 Акчабар
КОӨФ бизнеске европалык жабдууларды сатып алууга жардам берүүгө даяр

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ата мекендик ишкерлер жогорку технологиялуу европалык жабдууларды ыңгайлуу шарттарда сатып алуусу үчүн швейцариялык экспортчулар менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу фонддун башчысы Артём Новиковдун Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Фонддо белгиленгендей, тараптар каржылоо булактарын тартуу үчүн КОӨФ менен Швейцариянын финансы институттарынын ортосундагы өнөктөштүктү түзүү, ошондой эле Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга биргелешип катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Артем Новиков фонд эң мыкты тажрыйбаларды, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жабдууларды жана тетиктерди жеткирүү үчүн кыргыз жана швейцариялык ишкерлердин өз ара аракеттешүүсүндө көпүрө болууга даяр экенин баса белгиледи.

Тэги: РКФР Швейцария

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу