Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду толук көлөмдөгү насыялоо жана инвестициялык иш-аракеттерди улантат

29.04.2021, 11:00 Акчабар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду толук көлөмдөгү насыялоо жана инвестициялык иш-аракеттерди улантат

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу толук көлөмдөгү насыялоо жана инвестициялык иш-аракеттерди жандандыруу жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды. Бул маселе Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков менен Орусия Федерациясынын Финансы министринин орун басары Тимур Максимовдун жолугушуусунда көтөрүлгөнүн экономика министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттердин каржы-экономикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүсүнүн негизги маселелери, учурдагы жана пландаштырылып жаткан артыкчылыктуу долбоорлор талкууланды.

Мындан тышкары, Экономика жана каржы министри Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев менен жолугушту. Тараптар өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграциялык процесстердин артыкчылыктарын талкуулашты.

Руслан Бекетаев Кармышаковго пенсия менен камсыздоо, жумуш табуу максатында ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарынын укуктарын андан ары кеңейтүү жана социалдык жактан коргоонун деңгээлин жогорулатуу маселелерин чечүүгө багытталып жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдагандыгы белгилүү болду. 

 

Тэги: экономика РКФР ЕЭК ЕАЭС Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу