Новиков: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыялардын үстөк пайызын көтөрбөйт

04.08.2021, 12:02 Акчабар
Новиков: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыялардын үстөк пайызын көтөрбөйт

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыялардын үстөк пайызын көтөрбөөнү чечти. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков бүгүн Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, экономикалык каатчылык көптөгөн өлкөлөрдө акча-кредит саясатынын күчөшүнө алып келүүдө.

"Кыргызстанда башка нерселер менен бирге, кредиттер жана депозиттер боюнча пайыздык чендер көтөрүлүүдө. Муну 2021-жылдын биринчи жарымындагы маалыматтар далилдеп турат”, - дейт Новиков.

Бирок фонддун бардык продуктылары боюнча пайыздык чендерди жана жеңилдетилген каржылоону сактоо боюнча стратегиялык чечим кабыл алган.

Новиков 1-июлдан тартып КОӨФ өз ишмердүүлүгүн толугу менен жандандырганын эске салды. Тиешелүү чечим Орусиянын жана Кыргызстандын өкмөттөрү тарабынан кабыл алынган. Мунун алдында аталган фонддун ишмердүүлүгүндө бир катар олуттуу жаңылыктар болгон. Алсак, 1-июлдан бери фонд дээрлик алты миллион долларлык төрт долбоорду каржылаган. Жалпы суммасы 39 миллион долларга дагы бир катар долбоорлордун жактырылышы күтүлүүдө.

"Бүгүнкү күндө кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун капиталы 535 миллион долларды түзөт, бул иш жүзүндө Кыргызстандын бүт банк системасынын капиталы менен салыштырылат",- деп билдирди Новиков.

 

Тэги: РКФР кредиты льготное финансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу