2019 - жылдын жыйынтыгы менен Россия - Кыргыз өнүктүрүү фонду 2 миң 351 долбоорду 379 млн $ каржылаганы маалымдалды. Анын ичинен 2 миң 294 - кичи жана орто бизнес долбоорлору болуп эсептелинет, деп билдирди Эркин Асрандиев.
Анын айтымында, фонд региондук ишкерлерди колдоого өттү. Учурда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыя портфелинин 85% - региондук долбоорлор түзөт. Анын ичинен, Ысык - Көл облусунан - 452, Чүй облусунан - 433, Ош облусунан - 359 долбоор каржыланган. Бишкектен - 384, Жалал - Абад облусунан - 275, Талас облусунан - 220, Баткенден - 100 жана Нарындан - 77 долбоор фонд тарабынан каржыланган.
Айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы - 53% ;
туризм - 12%;
транспорт жана логистика - 11%;
инфраструктура - 11%;
башка тармак - 7%;
каржы тармак - 2%
байланыш жана ИТ - 4% - каржылоодон өттү.