Токмоктогу сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводго РКӨФ колдоо көрсөтөт

25.04.2020, 12:00 Акчабар
Токмоктогу сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводго РКӨФ колдоо көрсөтөт

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарында Токмок шаарындагы сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводго барды. Премьер-министр бул заводдун уникалдуу тарыхы бар жана өндүрүштүн ишке кириши -  бул маанилүү окуя экенин белгиледи.  

 

«Ишкана 1974-жылы курулган жана анын бай тарыхы бар. СССР ыдыраганда заводдун иши да токтогон. Бүгүнкү күндө инвесторлордун салымынын негизинде сүт заводу кайрадан ишин баштады. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 250 тонна сүттү жана айына 5 миң тонна даяр продукцияны түзөт, анын 90% экспорттолот. Завод продукциянын жогорку сапатын жана коопсуздукту камсыз кылган европалык алдыңкы технологиялар боюнча иштейт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Маалыматка ылайык, учурда заводдо 100гө жакын жумушчу иштейт. Өндүрүш толук кандуу ишке киргенде ишканада 600гө чейинки жумуш орду түзүлөт. Ишканага 1,5 млн АКШ доллары инвестиция катары салынган. Заводдун имараттары менен курулмалары оңдолуп, жабдуулары модернизацияланган.  

Учурда заводго Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча колдоо көрсөтүү иштери жүрүүдө. 


 

 

Тэги: производство РКФР завод по переработке молока экономика Мухаммедкалый Абылгазиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу