Россельхознадзордун текшерүүсүнөн баш тарткан балык чарбалар иштебей турган

20.03.2023, 13:40 Акчабар
Россельхознадзордун текшерүүсүнөн баш тарткан балык чарбалар иштебей турган

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы Россельхознадзордун сайтында Кыргызстандагы балык чарбалары текшерүүдөн баш тартканы тууралуу маалыматка байланыштуу комментарий берди. 

Россельхознадзор Кыргызстандын тогуз балык чарбаларын жана балык кайра иштетүүчү ишканаларын ветеринардык талаптарга, анын ичинде ветеринардык документтерди чогултуу жана даярдоо боюнча иш-чаралардын сакталышын текшерди.

"Башында макулдашылган тогуз ишканадан тышкары, текшерүү башталганга беш күн калганда Россельхознадзордун ветеринардык инспекторлору текшерүүгө алынган ишканалардын тизмесине мыйзам бузуулар аныкталбаган дагы алты ишкананы киргизишти", - деп айтылат маалыматта. 

Ошол эле учурда, Россельхознадзордун инспекторлорунун негизги шарты боюнча текшерүү учурунда ишканаларда өндүрүш процесси үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек деген талап болгон. 

“Алты ишкана текшерүүгө катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Анткени алардын төртөөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатса, калган эки ишкана өз ишин токтоткон. Буга карабастан, алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык керектүү документтер Россельхознадзордун инспекторлоруна берилген”, - деп билдирди министрлик.

Эске салсак, 15-мартта Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык ишкерлер балык чарбаларын текшерүүгө каршы болуп жатканы тууралуу билдирүү жарыялаган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу