Россия Кыргызстанга жалпы суммасы 50 млн рублдан ашык гуманитардык жардам жөнөттү

03.08.2020, 08:50 Акчабар
Россия Кыргызстанга жалпы суммасы 50 млн рублдан ашык гуманитардык жардам жөнөттү

2-августта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Россиянын «Фармстандарт» ачык акционердик коому КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары: коргоочу кобинезондор - 24 100 даана, үч кабаттуу беткап - 24 729 даана, полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5248 даана, бет калкандар - 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттарды берди.

Тэги: Россия Кыргызстан 50 млн доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу