Орусия Кыргызстанга тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алууга демөөрчүлүк кылды

26.07.2021, 15:30 Акчабар
Орусия Кыргызстанга тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алууга демөөрчүлүк кылды

Орусиянын каржылоосу жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте бир жарым жыл ичинде тогуз миң тоннадан ашык азык-түлүк сатылып алынды, деп билдирди Россия Федерациясынын басма сөз кызматы.

Белгиленгендей, кыргыз мектеп окуучулары жана жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр үчүн сатылып алынган тамак-аштын жалпы наркы сегиз миллион долларды түзөт.

Мындан тышкары, 2008-жылдан бери Орусия Кыргызстанга азык-түлүк программаларын колдоо үчүн болжол менен 96 млн $ бөлгөн, анын натыйжасында республиканын миллиондон ашуун жашоочулары азык-түлүк жардамын алышкан.

 

Тэги: продовольственная безопасность экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу