Россияда мигранттар коронавирустан акысыз дарылана алышат

04.11.2020, 10:15 Акчабар
Россияда мигранттар коронавирустан акысыз дарылана алышат

Россиянын медицина кызматы мигранттарды COVID-19 оорусунан акысыз дарылайт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар  Россиянын саламаттык сактоо департаментинин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандыруу жана дарылоо, убактылуу жашап турууга уруксаты бар же дайыма жашоого уруксат кагаз алган чет өлкөлүктөргө, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн качкындарына жана жарандарына берилет.

Ошол эле учурда, Москва шаарында жана башка региондордо, милдеттүү медициналык камсыздандыруусу жок мигранттарга, чет элдик жарандарга коронавирус боюнча акысыз медициналык жардам орусиялыктар менен бирдей көрсөтүлүүдө.

Буга чейин деле коронавирустун оор формасына кабылган бейтаптарга толук медициналык жардам акысыз көрсөтүлүп келген. Ал эми оорунун жеңил формасына чалдыккандар дары-дармектерди өз каражаттарынан сатып алышчу, бирок дайыма эле акча жете берчү эмес.

«Департамент үчүн кайсы мамлекеттин жараны экени айырмасы жок. Дарылоо процесси баарына бирдей жүргүзүлөт», — деп билдиришкен ведомстводон.

Тэги: Россия эмгек мигранттар медицина кызматы саламаттык сактоо департаменти

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу