Россияда SWIFT өчүрүлсө, ал Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт

28.02.2022, 09:47 Акчабар
Россияда SWIFT өчүрүлсө, ал Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт

Россиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Бул тууралуу борбордук банктын сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын банк системасы өзүнүн туруктуулугун сактап турат. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча да кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен кардарларга банк кызматтарынын толук түрүн көрсөтүшүүдө. Кыргызстан банктары тарабынан алыскы чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөн, мындай келишимдер Кыргызстандын чегинен тышкары товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

“Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган, ушуга байланыштуу Россиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Ошол эле учурда Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ”,- деп айтылат билдирүүдө.  

Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жана акча которуу системалары штаттык режимде иштеп жатат. Башка өлкөдө орун алган жагдайдын улуттук төлөм системасынын жана акча которуу системаларынын иштешине тийгизген таасиринин деңгээли минималдуу болуп саналат.  

Улуттук банк 1993-жылы кабыл алынган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин колдонууну улантат, анын алкагында курстун динамикасы ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун балансынын негизинде аныктала тургандыгын кошумча белгилеп кетүү керек. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк зарыл болгон учурда акча-кредит саясатына ылайык, тиешелүү операцияларды, анын ичинде валюталык интервенцияларды жүргүзөт.  

Белгилей кетсек, Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү жетиштүү болуп саналат жана өлкөнүн келечектеги товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту көлөмүнүн 6 айынын ордун жабат. Үстүбүздөгү жылдын 26-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү 2 768 млн АКШ долларын түзгөн. 

Улуттук банк тышкы финансы рынокторундагы, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы кырдаалга туруктуу негизде байкоо жүргүзөт жана көзөмөлдөйт, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун андан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт.  

Тэги: КР Улуттук банк Swift коммерциялык банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу