Электр энергиясын керектөөнүн бир айлык чегинен чыкканы үчүн орусиялыктар жогорулатылган тариф боюнча төлөөгө милдеттүү болушу мүмкүн. Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустинге мындай сунуш Орусиянын керектөөчүлөр бирлигинен келип түшкөн, деп жазат «Известия».
Демилгечилер орусиялыктар орто эсеп менен айына 90 киловатт-саат сарпташаарын, ал эми 100 киловатт-саат сарптаса, анда жогорулатылган тарифке өткөрүшөрүн белгилешти. Бааларды жергиликтүү бийлик жөнгө салат.
Эксперттер сунушту аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көз карашы менен иштеп чыгуу жана ишканаларга жеңилдиктерди берүү керектигин дароо белгилешти.
"Суроо талаштуу, бирок эң негизгиси, ири көлөмдөгү керектөөсү бар бай үй-бүлөлөрдү (жеке үйлөр, коттедждер) субсидияланган тарифтен ажыратуу керек, ошондо алар электр энергиясына кымбат баада төлөй башташат", - деди базар кеңешиндегилер.