Россиялыктар бактылуу болууга канча керек экенин айтышты

10.04.2019, 17:17 Акчабар
Россиялыктар бактылуу  болууга канча керек экенин айтышты

Россиялыктар  татыктуу жашоо үчүн канча  каражат керек экенин айтышты. Албетте, борбордо жашагандардын суроо талабы жогору. Ушул эле учурда сурамжылоого катышкандардын жарымы  качандыр бир убакта жетиштүү  каражат табарына ишенбейт. Бул тууралуу «Рамблер» басылмасы жазып чыкты.

РФ өкмөтүнүн алдындагы финансы институту, татыктуу жашоо үчүн россиялыктарга канча каражат керек экенин аныктап чыгышты. Ар бир айда 66  миң рубль тапкан адам бардар жашайт. Москвалыктар үчүн 100 миң рубль табышы керек болсо, Санкт-Петербургда жашагандар 91 миң тапса жетиштүү. 

Чита шаарынын тургундары карапайым болуп,  айына  50  миң тапсак бактылуу болобуз дешкен. Улан-Удэликтер бир аз көбүрөөк сумманы 54 миңге токтолсо, Барнаул менен Якутскде – 55 миң  рубль жетиштүү сумма  катары айтылды. 

Изилдөөнүн жыйынтыгында 24% адамдар жетиштүү сумманы табып жатканын билдирди. Казань, Москва, Грозный, Махачкала менен Симферополдо жашагандар жашоолоруна ыраазы. Изилдөөгө  катышкандардын 19% респонденттер келе жаткан  беш жылда татыктуу жашоого жетишебиз деген пикирде. Бирок, сурамжылоого катышкандардын жарымы  48% жетиштүү  айлык алып,  каалагандай  жашаарына ишенбейт. 

Бардар жашоо үчүн эң биринчи турак жайлуу болуну киргизишкен. Андан кийин автомобиль,  жакшы билимге ээ болуу, медициналык тейлөө, спорт, хобби, толук кандуу тамактанууну ( анын ичинде ресторанга барууну) кызыктуу жумуш, саякаттоо, театр менен көргөзмөгө  барууну киргизишкен. 

Тэги: Россия уровень доходов зарплата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу