Ушул жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 506 миллиард сомду түзүп, 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.
Белгилүү болгондой, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ушул жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 468 миллиард сомдон ашыкты түзүп, 5,1%га өскөн.