"Коопсуз шаар" долбоорун Орусиядагы "Ростех" мамлекеттик корпорациясы колго алышы мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев менен "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун делегациясынын жолугушуусунда талкууланды, деп маалымдайт Бишкек мэриясынын сайты.
Жолугушууда "Ростех" "Коопсуз-акылдуу шаар" долбоорунун негизги компоненттерин сунуш кылды, мисалы:
Жолугушуунун жыйынтыгында, шаардык мэрия Россия Федерациясынын аймагындагы ишке ашырылган компоненттери бар объектилерди карап чыгып, чечим кабыл алгандан кийин, меморандум түзүлүп, андан аркы өз ара аракеттенүү үчүн жумушчу топтун курамы аныкталары чечилди.