«Айыл Банк» менен «РСК Банкында» директорлор кеңешинин төрагалары алмашты

04.04.2019, 12:00 Акчабар
«Айыл Банк» менен «РСК Банкында» директорлор кеңешинин төрагалары алмашты

 29-мартта «Айыл Банка» менен «РСК Банкында» жыйын болуп, анда директорлор кеңешинин төрагалары алмашты. Ага ылайык  буга чейин ээлеген кызматтарынан  Кайрата Маматов менен  Айбек Абдылдаев бошогону тууралуу «Акчабарга» Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.

Эки банк тең кадыресе режимде ишин алып барууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлагандай,  Маматов менен Абдылдаев жаңы жетекчилер дайындалганча, өз милдеттерин аткара беришет.

«Чечим акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынды. Алар жаңы дайындоо болгонго чейин бул милдеттерин аткара беришет. Ушул айдын аягына чейин акционерлер кайрадан чогулуп, бош калган кызматтарга жаңы адамды бекитип беришет го деп жатабыз» —деп билдирди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда.

Айтмакчы,  Кайрат Маматов менен Айбек Абдылдаев  «Айыл Банк» менен «РСК Банкына»бир жыл мурун директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланып келген. 

Тэги: банки кадровые изменения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу