Россия банкы 9-декабрга карата валюталардын орус рублине карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, рубль АКШ жана Европа валюталарына карата бекемделди. Бир сутка ичинде АКШ доллары 0,58%га төмөндөп, 62,5722 рублге түшсө, евро 0,33%га төмөндөп, 65,6762 рублди түздү.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда сом еврого карата 0,49%, теңгеге карата 0,28% арзандады.