Эл аралык «Манас» аэропортунда 2019 – жылдын 2 – октябрдында ААК Эл аралык «Манас» аэропортунун FlyArystan авиакомпаниясынын стратегиялык өнүктүрүү жана инфраструктуранын вице-президенти Паоло Ричиотти менен жолугушуу болду.
Жолугушуу алкагында эки тараптык кызматташуу жана «Манас» аэропорту аркылуу жаңы авиа маршртуттарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
FlyArystan авиакомпаниясынын вице-президенти Паоло Ричиотти өз сөзүндө компания Манас аэролопорту менен мындан аркы кызматташтык боюнча суроолорду чечүүнү убадалады.
Келген коноктор үчүн «Манас» аэропортуна экскурсия уюштурулду.
FlyArystan авиакомпаниясы– Казакстандагы алгачкы учуу билеттерин башка авиакомпаниялардан арзан баада саткан компания болуп эсептелинет. Учурду аталган авиакомпанияга тийиштүү төрт Airbus A320 үлгүсүндөгү учак бар.
Авиакомпания Нур-Султан, Алма-Ата, Тараз, Урал, Павлодар, Шымкент, Караганда шаарларына каттайт. Эл аралык каттамдарды ачуу планы бар.