Руслан Давленов Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Андан сырткары, ал башкаруу мүчөлүгүнө кирди.
Руслан Давленов Турциядагы Мармар жана Казакстандагы Финансы Академиясын аяктаган. 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Казакстандын улуттук экономика министри болгон. Андан сырткары, Казакстандын улуттук экономикасынын биринчи вице министри, финансы министрлигинин вице-министри болуп иштеген. Салык комитетинин ар түрдүү тармагында жана финансы министри, Мамлекеттик киреше министри кызматтарын аркалаган.
Евразия өнүктүрүү банкынын 2021-жылдын февраль айындагы жаңыртылган башкаруу мүчөлүгүнө төмөнкүлөр кирет: Сергей Васильев, Леонид Грачков, Денис Ильин, Данияр Имангалиев, Амангелди Исенов, Елена Кубанова, Ярослав Мандрон, Берик Мухамбетжанов, Тигран Саркисян.